Өмүрбек Текебаев жатак абакка 2020-жылы 10-февралда чыгат

Өмүрбек Текебаев жатак абакка 2020-жылы 10-февралда чыгатАбакта жаткан “Ата Мекен” саясий партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев 2020- жылдын 10-февралында жатак абакка которулат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.   

“Мага кат жүзүндө да, оозеки да  көп адам кайрылат. “Отурган мөөнөтүбүздү карап бергиле, туура эмес болуп жатат же жатак абакка которуп койгула” дешет.

Ошолордун ичинде Текебаевдики да бар. Алардын мөөнөтүн санай турган адистер бизде гана бар. Жазаны аткарып жаткандыктан биздин эсебибиз туура болот. Эгер туура эмес болсо адистер мыйзамдын астында жооп берет» деди Жапаров “Азаттык” радиосуна.

Текебаевдин өзү Улуттук кардиология борборунда дарыланып жатканда, 22-декабрда, эки айдан кийин жатак абакка чыгаарын айткан болчу.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен 8 жылга эркинен ажыратылган.

Коомчулук жана өлкө саясатчыларынын бир тобу бул саясий өңүтттө жармаштырылган айып деп айтып келишет. Кечээ жакында экс-президент Роза Отунбаева Текебаевге ырайым кылуу боюнча Президентке кайрылганы белгилүү.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты