Абылгазиев “Түндүк” системасына кошулууда иштер жетишсиз жүрүп жаткандыгын белгиледи

Абылгазиев “Түндүк” системасына кошулууда иштер жетишсиз жүрүп  жаткандыгын белгиледиМухаммедкалый Абылгазиев «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук системадагы мамлекеттик органдардын иштери боюнча кеңешмеде эске алчу бир катар жагдайларды белгиледи. 

Премьер-министр эскерткендей, 2018-жылдын декабрь айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында процесстерди автоматташтыруу боюнча  чечимдер кабыл алынган.

Анын айтымында, буга карабастан көптөгөн министрлик жана ведомстволор бул багыттагы ишти жетишсиз түрдө жүргүзүүдө.

«Биз коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана мамлекеттик тейлөөнү электрондук форматка өткөрүү үчүн заманбап технологияларды коомдун күнүмдүк турмушуна киргизүү боюнча күч-аракет жумшообуз керек. Министрлик жана ведомстволордун бардык маалыматтык базалары мурда белгиленген мөөнөттө автоматташтырылышы тийиш», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы кеңешме катышуучуларынын көңүлүн дагы бир ирет 2018-жылдын 15-августунда ишке ашыруу мөөнөтү алдын-ала белгиленип, бекитилген мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалымат базаларын иштеп чыгуу планы айрым мамлекеттик органдар тарабынан толук көлөмдө аткарылбай жаткандыгына бурду.

Бул боюнча маалыматты Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты