Мурат Суталинов дартынан улам абактан бошотулганы жатат
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
Мурат Суталиновдун онкологиялык дартка чалдыкканы тууралуу бир топтон бери эле айтылып келе жатат. Эми аны бошотуу боюнча Жаза аткаруу кызматы сотко кайрылды.
УКМКнын экс-төрагасы Суталинов онколгиялык дартка чалдыгып, химия терапиянын кезектеги курсун алып жаткандыгына байланыштуу бошотулушу мүмкүн. Анын ал-абалын тастыктаган дарыгерлер комиссиясынын да корутундусу бар.
Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Жоробек Дүйшөмбиев пресс-конференцияда билдирди.
Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча Улуттук Коопсуздук Комитетинин төрагасы болуп турганда кандуу окуяга тиешеси бар деп айып тагылып, 25 жылга экркинен ажыратылган.
Буга чейин Президент Сооронбай Жээнбековго да Суталиовдун жактоочусу анын дартынан улам бошотууга муктаждышын суранып, кат жазганы белгилүү.
Сүрөт: Интернет булактарынан.