Футболчулар Бишкекке кайтышат

Футболчулар Бишкекке кайтышат

Футбол федерациясы футбол боюнча улуттук курама команданы күйөрмандар Бириккен Араб Эмираттарынан жөнөткөндүгү, меймандостугу, чоң  колдоосу жана БАЭдеги унутулгус күндөр үчүн аларга ыраазылыгын билдирди.

Бүгүн, 24-январда, эртең мененки саат 05:00 дө Дубай-Бишкек рейси менен футбол боюнча  Кыргызстандын Улуттук курама командасы Азия кубогунан кайтып келет.

Футбол федерациясы футболчуларды тосуп алууну каалагандар саат 04:00 дө Бишкектеги Өмүрзаков атындагы стадионго чакырган жана тосуп алуучуларды транспорт менен камсыздарын кабарлаган. Эми каттоодон өткөң тосуп алуучулар менен автобустардагы орун толуп калгандыгын билдирди.

Калган күйөрмандарды бүгүн, 24-январда, саат 15:00 дө Бишкекте Ала-Тоо аянтына расмий тосуп алуу салтанатына чакырды.

Айта кетсек,  Кыргызстандын футболдук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынан 3:2 эсебинде утулуп калып, Азия кубогун жыйынтыктаганы менен, татыктуу оюн көрсөтүп, миллиондогон күйөрмандар, көрөрмандардын ыраазылыгына ээ болду.

Сүрөт: КР ФФ.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты