Цирктен 35 артист жумуштан кеткени жатат!

Цирктен 35 артист жумуштан кеткени жатат!

Цирк артисттеринин 21-январдагы нааразылык акциясы.

Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин 35 артисти жумуштан кетүү боюнча арызын жазышты.

Жумуштан кетүү боюнча арыз Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун наамына берилерин цирк артисттери билдирди.

Алардын мындай кадамына цирктин жетекчилигине  маданият министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун талапкерлиги сунушталып жаткандыгына байланыштуу болууда.

«Цирк 20 млн сомду алып, жыйынтык да көрсөтүшү керек болчу. Мурдагы цирк директору Курмангазы Исанаевдин командасы кайсы бир компанияга 4,5 млн сомду соттон уттуруп коюп, бюджеттик акчанын тең жарымын жоготуп койгон» дешет артисттер.

Бүгүнкү күндө цирктин жамааты тарабынан башкы директорлукка сунуш кылынган Аида Акматованын талапкерлигин Маданият министри колдобой, квалификациялык талаптарга жооп бербегенин айтууда.

Цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев 2018-жылдыг 20-декабрында кызматтан бошотулган.

21-январда цирктеги 45 кызматкердин 39у Ак үйдүн алдына каршылык акциясына чыгып, өздөрү жетекчиликке Аида Акматованы сунуштай турганын, эгер үч күн ичинде талаптары аткарылбаса, жумуштан кетүү боюнча арыз жазаарын билдиришкен.

Цирк артисттеринин 21- январдагы нааразылык акциясы тууралуу кененирээк материал шилтемеде:

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты