Президент Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрин кабыл алды

Президент Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрин кабыл алдыСооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-январда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды.

Президент бирдиктүү санарип платформасынын жана электрондук «Түндүк» системасынын негизинде мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүү боюнча автоматтык системаны киргизүүнү тездетүүнү белгиледи.

2019-жылдын декабрь айына чейин аймактарда 10 дон кем эмес мындай кызматтарды көрсөтүүчү борбор түзүү белгиленди.

Ошондой эле өлкөнүн аймактарында жөлөк пулдарды жана компенсациялык төлөмдөрдү бөлүүдө социалдык өнүктүрүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга өзгөчө көңүл бурду.

Тиешелүү жөлөк пулдарды кечиктирбей, өз убагында төлөө, жумушсуздукту кыскартуу боюнча чараларды күчөтүү, «Санариптик Кыргызстан» жана «Түндүк» электрондук системалары аркылуу эмгек рыногу боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзүүнү белгиледи.

Мамлекет башчы ошондой эле жаш балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча 2018-жылдын декабрынан бери эле 6 окуя катталганын, буга көңул буруу керектигин белгиледи.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты