Премьер Абылгазиевдин кулагы кызардыбы…

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынына келбегени сын-пикирге туш болду.  

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 23-январдПремьер Абылгазиевдин кулагы кызардыбы...агы, жыйынында жаңы киргизилген мыйзам, кодекстерди ишке киргизүү боюнча маселе каралып жатканда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Жогорку Кеңеш жыйынына келбей жатканына депутаттар нааразы бьолушту.

Депутат Наталья Никитенко мындай маанилүү маселе талкууланып жатканда биринчи жетекчилер катышышы керек экенин билдирсе, депутат Мыктыбек Абдылдаев бул маселе орун басарларга гана керек окшойт, ошондуктан биринчи жетекчилер менен орун басарларынын ордун алмаштырып коёлу  деди.

Ал эми депутат Зарылбек Рысалиев мыйзам, кодекстерди ишке киргизүү бул күнүмдүк жашоо, ал эми күнүмдүк жашообузга күйбөгөн Премьер министр, Башкы прокурор мындай жыйынга келбесе, анда каякка келет? Өкмөт башчы аш-тойго дагы орун басарын жиберет бекен? Ал аш-тойго, уча тартчу жерлерге гана барат окшойт  деп сын айтты.

Рысалиев Премьер- министрдин бир күндүк ишинин хронометражын алуу сунушун кийирип, эгер ал сунуш кабыл алынса, ошол комиссиянын төрагасы кылууну өтүндү.

Спикер  Дастан Жумабеков Премьер-министр менен байланышканын, анын башка иштери да болуп жатканын жана кеп ден соолугуна да байланыштуу экенин билдирди.

Ал эми вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жаңы мыйзам, кодекстер боюнча жооптуу кызмат адамы өзү экенин жана бардык суроолорго жооп берээрин, Премьер-министрдин башка пландалган иши болгондугун билдирип, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында өзү катышпай, жемеге туш болгон Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кулагы кызарды болду бекен?

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты