Владимир Путиндин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө

Владимир Путиндин Кыргызстанга келиши күтүлүүдөКыргызстанга март айынын аягында Россиянын Президенти Владимир Путиндин келиши күтүлүүдө.

Кыргызстандын жана Россиянын Президенттеринин жолугушуусунда соода-экономикалык кызматташтык, аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргызстанда инфраструктуралык курулуш чөйрөсүндөгү долбоорлорду илгерилетүү маселелери талкууланат.

Ошондой эле Россияда эмгектенип жаткан мекендештер жөнүндө маселелер көтөрүлөт.

2019-жылдын 3-4-февралында Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргызстанга сапары күтүлүүдө. Анда  Путиндин Кыргызстанга алдыдагы мамлекеттик сапарын талкуулоо башкы маселе болот.

Мамлекеттик сапар алкагында бир катар иш-чаралар болжолдонгон. Кыргыз-россиялык Өкмөттөр аралык комиссиянын 21-отуруму өтөт, Кыргызстандын жана Россиянын бизнес коомчулугунун 500 өкүлү катышкан 8-кыргыз-россиялык региондор аралык конференциясы өткөрүлөт.

Президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков кабарланганын Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты