Кыргыз-казак чек арасында ок атылды

Кыргыз-казак чек арасында ок атылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 23-январда, кыргыз-казак чек арасында ок атылды.

Талас облусунун Манас районунун Жайылган аттуу жеринде үч киши Кыргызстандын аймагынан Казактан тарапка 10-15 жылкы айдап бара жаткан.  Ал жерге чек ара аскерлери барганда, бычак ала чуркап, каршылык көрсөтүшкөн.

Алар чек арачылардын эскертүүсүнө кулак салбаганда, эскертүүнү да укпаганда чек арачылар ок чыгарууга мажбур болушкан.

Алган жаракатынан улам чек арадан өтүп бара жаткан киши каза болуп калган.

Бул окуя боюнча Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик органдарына билдирилген.

Бул тууралуу КР Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты