Машинасынын айнегин караңгылаткандарга 282 миң сом айып салынды

Машинасынын айнегин караңгылаткандарга 282 миң сом айып салынды

Машинасынын терезесинин айнегин караңгылатып алгандар боюнча 94 протокол түзүлүп, 282 миң сомдук айып салынды.

22-январда Транспорт жана жолдор министрлиги менен ИИМ кызматкерлери биргелешип машинасынын терезесинин айнегин караңгылатып алгандар боюнча  рейд жүргүзгөн.

Машинанын бет маңдай айнегин, алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатып алгандар айып төлөйт.

Рейддин жүрүшүндө машинасынын айнегин караңгылаткандарга 94 протокол түзүлүп, 282 миң сомго айып салынгандыгын Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 Эске сала кетсек, машинасын караңгылатып алган айдоочулар 3000 сом, юридикалык тарап 13 миң сом айып төлөйт. Эгер айдоочу 30 күндүн ичинде айыпты төлөбөсө, анда өтүп кеткен ар бир мөөнөттөгү күн үчүн  1% үстөк кошулат.

Тартип бузган мисалдардын баары Тартип бузуу реестрине катталат.

2019-жылдын 1-январынан тартып машинасын караңгылатып алган айдоочуларга айыпты Транспорт жана жолдор министрлиги салат.

Машинасын караңгылаткан айдоочуларды көзөмөлдөө функциясы Транспорт жана жолдор министрлигине берилген. Транспорт министрлиги ал функцияны кайра ИИМге өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Эми ал маселе каралса, ал функция кайрадан ИИМге берилмекчи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты