Энергетикалык тармак кантип реформаланат?

Энергетикалык тармак кантип реформаланат?Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн энергетикалык тармагын реформалоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, жарандык коомдун өкүлдөрү жана калк тарабынан энергетика тармагын башкарууга карата, ошондой эле Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын натыйжалуулугуна сындар айтылууда.

Премьер-министр эскерткендей, энергетика тармагынын маселелери ар кандай деңгээлдерде бир нече жолу талкууланган.

«Ошого карабастан, бул маселелерди чечүү боюнча маанилүү жылыштар жок. Буга чейин алынган насыялык каражаттарды тейлөө, жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү, энергетикалык компаниялардын негизги каражаттарын, ошондой эле энергетикалык тармакты өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтерди жаңылоо маселелери курч турат», – деди  Абылгазиев.

Мындан тышкары, Премьер-министр кошумчалагандай, көбүнесе энергетикалык тармак үчүн жабдуулар чет өлкөдөн сатылып алынат. Муну эске алуу менен ал атамекендик экономиканы өнүктүрүү жана жаңы жумушчу орундарды түзүү максатында өлкө аймагында «акылдуу эсептегичтерди», кабелдик продукцияны, трансформаторлорду жана башка техниканы чыгаруу боюнча өндүрүштү уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты