Жаңы кодекс, мыйзамдын ишке киргизилиши сындалууда
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
Жогорку Кеңеш жаңы кодекс, мыйзамдардын аткарылышын талкуулап жатат.
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү, 23-январдагы, жыйында 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке кирген жаңы кодекс, мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маселени талкуулап жатат.
Анда вице-премьер Жеңиш Разаков жана прокуратуранын, ИИМдин, Жогорку соттун, министрликтердин өкүлдөрү катышууда.
Депутат Акылбек Жапаров 2014-2017-жылдарга берилген 13,5 млн евро каражаттын кайда жумшалганына кызыкты.
Депутат Кенжебек Бокоев 5 кодекс, 2 мыйзамды аткарууга структуралык кандай өзгөрүүлөр болуп жаткандыгына кызыкты. Мында 140 жаңы структура киргени тууралуу айтылды. 2020-жылы пробация институту түзүлөт.
Депутат Умбеталы Кыдыралиев 5500 сом айып кайдан алынганы, эмнеге элдин социалдык-экономикалык абалын эске алынбаганын, бул логикага сыйбаган көрүнүш экенин сындады.
Мас абалында машина айдап бараткан айдоочуга 17 миң сом айып каралган. Ал айыпты төлөп туруп эле кайра ошондой абалда айдап кете берээрине шек жок дейт депутат.
Депутат Мыктыбек Юсупович Абдылдаев каралып жаткан маселе ведомстволордун жетекчи орун басарларына эле керек окшойт. Аларды биринчи жетекчи кылып коелу деди.
Депутат Мыктыбек Юсупович Жогорку Сот төрагасы эң негизги мыйзам—5 кодекс, эки мыйзамда ишке ашыруу боюнча мыйзам бар экенин белгиледи. Ошол мыйзамда расмий полномочиеңер жазылган. Расмий тилде присяжный соту. 2020-жылдан баштап присяжныйлар келип отурушу керек. Аткарбасак, жооп беребиз деди.
Эки жыл болду, даярданышыбыз керек эле. Кандай иштер болот? Присяжныйларды ким тандайт? Сот органдары кандай реконструкция болот? Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Сот өкүлү суроого жакшылыктуу жооп бере албаганын, окуучудай отурганын белгиледи.