Кайда барып эс алуу керек?

Кайда барып эс алуу керек?

Көпчүлүк эс алуучу мезгил да келип калды. Анда эмесе, көгүлтүр Ысык–Көлдүн жээгиндеги эс алуу жайларынын орточо баалары менен таанышып алыңыздар. 

“Кыргыз деңиз жээги” (“Кыргызское взморье”)

Чолпон-Атадан 15 чакырым келген Бостери айылында жайгашкан.  Көрктөндүрүлгөн, кумдуу жээги, чатырлар, шезлонгдору, кайтаруусу, машина токтотуучу жайы бар. Теннис корту, футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, дискотека, сауна, бассейн, тренажердук зал, скутер, банан, катер, лыжа, парашют, ар кыл экскурсиялар, ат минүү, солярий, китепкана, кинозал, ар кандай барлар, 200 жана 40 кишилик конференц-зал бар.  Үч маал тамагы, дарылануусу менен.

Кайсы дартка даба?
Дем алуу органдары, кан алмашуу, колу-бут, омуртка, сөөк,  нерв системасынын дарттарына даба. Минералдык суу,  топурак жана климат терапиясы.

Баасы: (сом менен)

1 орундуу катардагы номер: 1800-2500

2-3 орундуу катардагы номер: 1500-2100

4 орундуу жарым-жартылай люкс: 9300-12800

Бул бааларга үч маал тамагы кошо кошулат. Байланыш тел.: телефон: 0312 900 503, 0706 999 111 (кененирээк  vzmore kg  сайтында).

“Royal Beach” клуб-отели

Кайда барып эс алуу керек?

Түндүк жээкте, Чок-Тал айылында. Жаңы, күнү-түнү иштөөчү отель, заманбап инфраструктурасы жана бөлмөлөрү менен.  Жогоруда “Кыргыз деңиз жээгинде” келтирилгендей эле, бардык шарттары бар.

Баасы: (АКШ доллары менен)

1 бөлмө эки орундуу,  стандарт: 70-100

1 бөлмө 3 орундуу: 105-150

2 бөлмө 3 орундуу 100-150

3 бөлмө 4 орундуу: 140-180

Люкс номер 1 бөлмө эки орундуу: 80-140

3 бөлмө 4 орундуу: 160-220

5 бөлмө 4 орундуу: 160-220

Байланыш тел. 0312 62 -23-23, 0312 66 32-32 (кененирээк  www.i-kul.kg/royal-beach/ сайтында).

“Ямайка” отели

Түндүк жээкте, Сары-Ой айылында. Чолпон-Атадан 15 чакырым. Бардык шарттары бар. Үч маал тамагы менен.  Люкс-номерде жашагандар ресторандан тамактанат, швед столу.  Бардык шарттары бар.

Баасы: (АКШ доллары менен)

1 орундуу: 35-50

2 орундуу: 50-60

3 орундуу: 60-70

Люкс: 70-90

Байланыш тел.: 0312 90 05 92 (кененирээк www.issykkul.com сайтында).
“Ак-Бермет” отели

Чолпон-Атадан 3 чакырым. Пансионат толук реконструкцияланып бүткөн.  Номери жалаң люкс жана жарым-жартылай люкс.  Үч маал тамагы менен.  Бардык шарттары бар. Акысын төлөсөңүз бул жактагы көлмөдөн балык кармасаңыз болот.

Баасы: (сом менен)

1 орундуу стандарт:  2450 -3080

2 орундуу: 2450-3080

Коттедждер: 4 кишилик 2450-3080

8 кишилик 2100-2450 сом (кененирээк akbermet.kg сайтында).

Байланыш тел.: 0770 54 99 54.

Алма-Ата” отели

Бостери айылында. Бардык шарттары бар.  Тамактануусу  ресторандан.

Баасы ( болжолдуу, АКШ доллары менен)

1 орундуу: 30-40

2 орундуу: 60-70

3 орундуу: 90-105

люкс: 90-140

апартаменттер: 110-250 (кененирээк http://www.issyk-kul.org/almaata.htm сайтында) .

 “Акун Ысык-Көл” отели

Түндүк жээкте. Бардык шарттары бар. Үч маал тамагы менен. Эртең менен жана кечинде швед тамагы.

Баасы: (сом менен)

2 орундуу:  5600-6300

3 орундуу:  8400

4 орундуу: 11200

Байланыш тел.: (0 770) 550-322  (кененирээк  http://www.aik.kg/nomera/prajs-list  сайтында).

“Алия” отели

Балыкчы шаарында. Бардык шарттары бар. Үч маал тамагы менен. Улуттук, европалык, кытай, тай, япон ашканасы менен. Виндсерфинг, квадрациклы, скутер, парашют.

Баасы (сом менен)

100 сомдон 7500 сомго чейин.

Байланыш тел. (0702) 79 17 79 (кененирээк issyk.me сайтында).

Радуга” эс алуу жайы

Сары-Ой айылында жайгашкан. Бардык шарттары бар. Үч маал тамагы менен.

Баасы: (АКШ доллары менен)Кайда барып эс алуу керек?

1 орундуу: 50-70

2 орундуу: 60-80

3 орундуу: 120-160

люкс: 130-170

апартамент:  220-300

Солнышко” пансионаты

Түндүк жээкте, Чок-Тал айылында. Бардык шарттары бар.

Баасы: (АКШ доллары менен)

1 орундуу: 18-20

2 орундуу: 22-27

3 орундуу: 27-30

Байланыш тел.:  +996 (3943) 5-28-68

Рахат” пансионаты
Кара-Ой айылында.

Баасы (болжолдуу АКШ доллары менен)

1 орундуу: 19-27

2 орундуу: 30-35

3 орундуу:  40 — 60
люкс: 69-90
апартамент:  93-125

Байланыш тел.: (3943) 4-50-25

Солемар” пансионаты

Түндүк жээкте, Корумду айылында. Чолпон-Атадан 26 чакырым.  Бардык шарттары бар. Үч маал тамагы менен. Швед столу.

Баасы: (АКШ доллары, болжолдуу)

1 орундуу: 20-30

2 орундуу: 30-40

3 орундуу: 40-60

люкс: 60-80

апартамент: 80-100
«Кыргыз таңы» пансионаты

Кош-Көл айылында.

Баасы:  (АКШ доллары менен)

1 бөлмө номер: 11-14

2 орундуу 12-15

3 орундуу 14-17

люкс: 18-20
апартаменттер: 20-25  (кененирээк http://www.welcome.kgсайтында).

“Аврора” курорттук отели 

Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан.

Баасы: 2700 сомдон 7000 сомго чейин (кененирээк http://www.aurora.kg сайтында).

(Маалыматтар эс алуу жайларынын Интернет булактарынан жана  ачык маалыматтардан топтолду)
—Кайсы жактан эс аласыз?

Кайда барып эс алуу керек?Сабыр Жумабеков, айтылуу врач-ортопед:  “Мен таптакыр эс албайм”

— Мен таптакыр эс албайм. Себеби күнүгө 10-15тен операция, 100дєй кишини көрөм. Телефонумдун жаны тынбайт, башка жакка кетип калсам да тууган-туушкандар, кыргыз элим таап алат, убакыт болбойт. Канча жылдан бери эс ала элекмин. Ал эми чет өлкөгө командировкага барганда кичине убакыт болуп калат, ошондо эс алышым мүмкүн.  Жакында Швейцарияга жана Казанга барам, мүмкүн ошол убактарда жолдон эс алармын.

Акбар Рыскулов, Кыргыз эл акыны: “Ысык-КөлүбүздүнКайда барып эс алуу керек? жээгинде эс алуудан  өтөрү жок”

—Азыр түйшүгүм кєп болуп атат, эс алуу жөнүндө ойлоно элекмин. Адабий иштер менен алек болуп, эл аралык деңгээлдеги  иш сапарга даярданып атам. Негизи көгүлтүр Ысык-Көлүбүздүн жээгинде эс алуудан  өтөрү жок го, буюрса, убактым болуп калса, жолду карай агайын-туугандар менен жолугуп,  чер жазышып, анан көл жээгинде эс алабыз.

Аскат Мусабеков, ырчы: “Сары-Челекке биринчи Кайда барып эс алуу керек?жолу барам”

—Жакында Сары-Челекке баралы деп пландап атам. Ал жакка биринчи жолу барышым. Негизи жайында үй-бүлөм менен айылга барабыз, көбүнчө жайлоодо өткөрөбүз. Быйыл да Ат-Башыга барабыз, ата-энем, туугандарым менен болобуз, буюрса.

Мирлан Бакиров, ЖК депутаты: “КыргызстанданКайда барып эс алуу керек? артык эс алуучу жер жок”

—Кыргызстандан  гана  эс алам. Өзүбүздүн кооз жерибиз турганда башка жакка барбайм. Депутаттарга каникул берсе, буюрса, Ысык-Көлдө  эле эс алам. Былтыр пансионатка 10 күндүк путевка менен эс алып келгем, анан Жалал-Абадда жайлоодо болгом.

Нурбек Алимбеков, ЖК депутаты: “Башка жаккаКайда барып эс алуу керек? барып не?”

—Быйыл деле былтыркыдай көлгө эле барып эс алабыз. Ал жакта депутаттардын “Алтын-Көл” пансионатына эле барам. Анан айылга ата-энеме барам, жайлоого чыгабыз. Кыргызстанда эле эс алууга бардык шарт турганда, башка жакка барып не?

Кайда барып эс алуу керек?Элмира Ажыканова, айтылуу акын жана журналист:  “Күндүзү Күн, түндөсү Ай жамынган”

—Мен үчүн эс алуу деген чет өлкөгө же Ысык-Көлгө баруу, конокко баруу же кымбат ресторандан тамак ичүү да эмес. Менин эң бир жагымдуу эс ала турган жайым — өз үйүм. Өз үйүмдөн артык мага жакшы жер жок. Өз үйүмдө өзүмдү эркин сезем. Каалаганымды жасайм. Өзүмө рахат алып келе турган иштерди өз үйүмдө гана жасай алам. “Менин үйүм” аттуу ырымдын бир куплетин айта кетейин:

“Астанасы күнгө беттеп салынган,

Асманынан булут көчүп агылган.

Чакан үйүм калаанын бир четинде

Күндүзү Күн, түндөсү Ай жамынган”

Кайда барып эс алуу керек?Айсулуу Көкөева,  КР ИАнын жетектөөчү адиси:

“Кедейдин эс алганы — чокой жамаганы”

—Менин жообум так эле ушундай: “Кедейдин эс алганы — чокой жамаганы”

Даярдаган Эльвира Какиева 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты