Тойдо бийлеген аялды аткан киши шарттуу төрт жылга кесилди

Тойдо бийлеген аялды аткан киши шарттуу төрт жылга кесилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Тойдо бийлеп жаткан аялды аткан киши шарттуу төрт жылга эркинен ажыратылганы тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.  

 Окуя кандай болгон?

(Ысымдары өзгөртүлдү)

Нарын облусунан Мирбек 2018-жылы 23-сентябрда мас абалында өзү жашаган “Ак өргөө” жаңы конушунан чыгып,   той болуп жаткан үйгө барат.

Тойдо бийлеп жаткан Гүлнараны ал пневматикалык тапанча менен атып жиберген.

Ал үйүндө тууганы берген куралды алып, тойдогуларды аткылай баштаганын, күнөөсүн мойнуна алды. Баары ичкиликтин айынан болгонун жашырбады. Гүлнарага ок кокусунан тийген.

Гүлнаранын айтуусунда, ал тойдо башкалар сыяктуу эле бийлеп жаткан. Бир убакта, саат 15:00 чамасында октун үнүн угат жана ийин жагы ооруп кеткенин сезет. Туугандары аны ооруканага алып барышканда, ийниндеги окту алышкан.

Бул окуядан кийин ал милицияга арыз берген, бирок кийинчерээк доом жок деп, арызын кайтарып алган.

Күбө өткөң киши кошунасы бийлеп жаткан аялды атып жиберип, аялды ооруканага жеткиргенин айткан.

Күнөөлүү деп табылган Мирбек төрт жылга шарттуу эркинен ажыратылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты