УКМК эмнеге көңүл бурушу керек?

УКМК эмнеге көңүл бурушу керек?Президент Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 22-январда, УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды.

УКМКнын өткөн жылдагы ишмердиги, Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралы жана 14-декабрындагы чечимдерди аткаруу чаралары талкууланды.

Кадыркулов Кыргызстан жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, ички жана тышкы коркунучтарга, эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча комитеттин ишмердиги жөнүндө маалымат берди.

Мамлекет башчы өлкөнү санариптештирүү жылында УКМК тиешелүү органдар менен бирге киберкоопсуздукту камсыздоо жана маалыматтык инфраструктураны ишенимдүү коргоо боюнча иштеши зарыл экенин белгиледи.

Мындан тышкары, коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоого байланыштуу кызматтык кылмыштардын бетин ачуу боюнча активдүү жумушту улантуу керек.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты