Өчпөс ысым: Жумабек Ибраимов

Өчпөс ысым: Жумабек ИбраимовАлыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада көрүнүктүү мамлекеттик  ишмер Жумабек Ибраимовдун 75 жылдыгына карата «Өчпөс ысым» аттуу китеп-сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Жумабек Ибраимов Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылынан орто мектепти аяктап, Фрунзе заводунда слесарь, андан соң дан комбинатында жумушчу болуп  иштеген.

1972-жылы политехникалык институтту бүтүрүп, машина куруу технологиясы кафедрасынын ассистенти, окутуучусу болуп иштеп калат.

Андан кийин заводдо инженер-технолог, технологиялык бюронун начальниги болуп иштейт.

1977-жылы Миң-Куштагы «Оргтехника» заводуна ишке которулуп, конструктордон ишкананын директоруна чейин жолду басып өткөн.
Чүй обкомунун экинчи катчысы, ошол эле жылдын ноябрь айынан  СССР Жогорку Советинин Коопсуздук жана коргоо комитетинин төрагасынын орун басары, андан кийин «Жанар» акционердик коомунун генералдык директору болуп дайындалган.
Ибраимов Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын башчылыгына бекитилген. 1995-жылы январда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, 1996-жылы мартта Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынындагы КР Президентинин өкүлү болуп дайындалган.
1997-жылдын декабрынан тартып Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы – министри, 1998-жылы декабрдан тартып Премьер-министр кызматын аркалаган.
Ж. Ибраимов СССР Жогорку Советинин, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин 2 жолку депутаты болуп шайланган.

КР эмгек сиңирген рационализатору наамын алган. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доценттик милдетти аткарган.
Көргөзмөгө Ж. Ибраимовдун өмүр жолу, ал жөнүндөгү китептер, гезит-журналдык материалдар коюлду.

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.

  

 

 

,

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты