Кудук казып жатканда топурак басып, каза болду

Кудук казып жатканда топурак басып, каза болдуТалас шаарында кудук казып каткан киши топуракка көмүлүп,  каза болуп калды.   

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Талас шаарындагы Атай Огомбаев көчөсүндө  кечээ, 21-январда, саат болжол менен 11: 31 де 42 жаштагы А. Н. аттуу жергиликтүү тургун кудук казып жаткан. Тереңдеп барганда аны топурак басып калып, андан улам кайтыш болуп калды.

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын куткаруучулары анын сөөгүн алып чыгышты.

Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматыныкы.    

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты