Цирк артисттери Фархад Бекманбетовду сотко беребиз дешет

Цирк артисттери Фархад Бекманбетовду сотко беребиз дешет

Цирк артисттеринин 21-январдагы нааразылык акциясынан.

Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовду сотко бергени жатышат.

Телеканалдын бирине берген интервьюсунда мурдагы министр Фархад Бекманбетов  цирктин артисттери ал жайдагы азыркы ашмалтайы чыккан абалга тиешеси бар деп айтканы артисттерди капа кылгандыгын билдиришти.

“Бекманбетов мырза дагы коомчулукка туура эмес маалымат берип, элдин башын айландырып жатат. Ал өзү министрдин орун басары кезинде эч нерсе жасабай, жоопкерчиликти цирк артисттерине оодара салууга аракет кылып жатат” дейт труппанын жетекчиси Данияр Бөлөкбаев.

Артисттер Бекманбетовго  цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев келтирген 4 миллион 541 миң  400 сом зыянды доо катары коймокчу.

Айта кетсек, кечээ, 21-январда, цирк артисттери Ак үйдүн алдына оюн көрсөтүп, нааразылык акциясына атчан чыгышкан. Алар өздөрү сунуштаган талапкер Аида Акматованы циркке жетекчи коюу талабын коюшкан жана үч күн ичинде жетекчи дайындоону талап кылышкан.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов үч күн ичинде жетекчи тандаларын айткан.

Фархад Бекманбетов да артисттер каршы чыккан талапкерлер арасында бар.

Кененирээк акция тууралуу: шилтемеде

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты