Машинасынын айнегин караңгылатып алгандар көбөйдү

Машинасынын айнегин караңгылатып алгандар көбөйдүБишкекте машинасынын терезесинин айнегин караңгылатып алгандар көбөйүп кеткени  байкалат. Ошондуктан бүгүн, 22-январдан баштап көзөмөл күчөйт.

Транспорт жана жолдор министрлигинин Автомобиль, суу транспорту жана салмак тартууну көзөмөлдөө департаменти менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери биргелешип, өлкө боюнчабул жааттагы көзөмөлдү күчөтүшмөкчү.

22-январда Ибраимов-Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде машинасынын айнегин караңгылатып алган айдоочуларды кармап, айып пул салышты.

Машинанын бет маңдай айнегин, алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатып алгандар айып төлөйт.

Машинасын караңгылатып алган айдоочулар 30 күндүн ичинде жеке тарап 3000 сом, юридикалык тарап 13 миң сом айып төлөйт. Эгер айдоочу 30 күндүн ичинде айыпты төлөбөсө, анда өтүп кеткен ар бир мөөнөттөгү күн үчүн  1% үстөк кошулат.

Тартип бузган мисалдардын баары Тартип бузуу реестрине катталат.

2019-жылдын 1-январынан тартып машинасын караңгылатып алган айдоочуларга айыпты Транспорт жана жолдор министрлиги салат.

Машинасын караңгылаткан айдоочуларды көзөмөлдөө функциясы Транспорт жана жолдор министрлигине берилген. Транспорт министрлиги ал функцияны кайра ИИМге өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Эми ал маселе каралса, ал функция кайрадан ИИМге берилмекчи.

Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Аталган министрликтин басма сөз кызматыныкы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты