Крестинин: “Биз мындан да жогору көрсөткүчкө татыктуу болчубуз!”

Крестинин: “Биз мындан да жогору көрсөткүчкө татыктуу болчубуз!”БАЭ менен болгон мелдештен кийин, оюндан кийин Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын тренери Александр Крестинин журналисттерге мындай комментарий берди:

 “Бизди колдогон бардык кыргызстандыктарга рахмат айтам. Бардык командага. оюнчуларга, тренерлерге, медицина кызматкерлерине, административдик штабга, бул оюнга тартылгандардын бардыгына ыраазылыгымды билдирем.

Калыстардын ишин мен талкуулабайм.

Биздин гол киргизээр учурларыбыз дагы болду. Албетте, биз ага өкүнөбүз. Атаандаштарыбыздан биз көп жаңылдык. Бирок бир билгеним—биз туура жолдо экендигибиз. Андан ары дагы жыла беребиз.

Турнирден жалпысынан оң таасир алдык. Албетте, турнир биз үчүн аяктап калганы өкүнүчтүү. Биз мындан да чоң жеңишке татыктуу болчубуз деп ойлойм. Буга баары күбө болушту.

Биз мындай жогорку деңгээлдеги оюндан тажрыйба алдык.  Бул, сөзсүз кийинки оюндарга жардам бермекчи.

Андай мелдештерге биз биринчи жолу катыштык, бирок биз акыркы жолу катышып жатпаганыбызды эми даана билдим. Мындан кийинкисинде биз дагы мыкты ойнойбуз”деди машытыруучу  Александр Крестинин.

Сүрөт: КР ФФ.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты