Депутат беделин беш миллион сомго баалады

Депутат беделин беш миллион сомго бааладыЖогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев «Де-факто» гезитин сотко берди. Буга аталган басылмадагы Төрөбаев «Максим Бакиевдин долбоору» деген аталыштагы макала негиз болду.

Гезиттин редактору Амантур Мусагул уулу мындай арыз тууралуу кабары жок экенин айтып жатат. Байкоочулар президенттик шайлоо алдында саясий оппоненттердин бири-бирин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу каралаган, жамандаган учурлары көбөйөрүн белгилешет.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын катчылыгы «Де-факто» гезитинин 21-апрелдеги санындагы «Бакыт Төрөбаев — Максим Бакиевдин долбоору» деген аталыштагы макаласы үчүн Бишкектеги Ленин райондук сотко кайрылышканын кабарлады. Анда бул макала «чындыкка коошпой турганы, инсандык кадыр-баркка шек келтирери» айтылат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты