Футболчуларыбызды татыктуу тосуп алалы!

Футболчуларыбызды татыктуу тосуп алалы!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргызстандын  Футбол федерациясы билдиргендей 24-январда эртең мененки саат 05:00 дө Дубай-Бишкек рейси менен футбол боюнча  Кыргызстандын Улуттук курама командасы Азия кубогунан кайтып келишет. Алар үчүн Азия кубогу соңуна чыкты.

Футболчуларды тосуп алууну каалагандар саат 04:00 дө Бишкектеги Долон Өмүрзаков атындагы стадиондун башкы кире бериш жерине барса болот.

КР Футбол федерациясы тосуп алуучуларды транспорт менен камсыздайт.

Айта кетсек, бүгүн, 22-январь түнү Кыргызстандын футболдук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынан 3:2 эсебинде утулуп калганы менен, татыктуу оюн көрсөтүп, миллиондогон күйөрмандар, көрөрмандардын ыраазылыгына ээ болду.

Келгиле, футболчуларды татыктуу тосуп алалы!

Сүрөттөр: КР ФФ.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты