«Биз дагы күчтөнүп кайтып келебиз!” дешет футболчуларыбыз

"Биз дагы күчтөнүп кайтып келебиз!” дешет футболчуларыбыз

Кыргыз футболчулары Азия кубогун жыйынтыктады. Бүгүн 3:2 эсеби менен жеңиш турнир ээсине кетти. Бирок футбол боюнча биздин курама команда болуп көрбөгөндөй  оюнду, эмоцияны тартуулашты.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 21-22-январда Дубай шаарында турнирдин ээси— Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен ойноп, биринчи таймда 1:1 эсебинде оюн көрсөтүштү.

БАЭ командасы менен ойноо жеңил болгон жок. Кыргызстандын “Ак шумкарлары” Александр Кристининдин жетекчилиги алдында мыкты оюн көрсөттү. Биринчи таймда БАЭ командасы алгачкы  гол киргизди.

Ал эми мелдештин 26-мүнөтүңдө  Чыңгыз Мурзаев гол киргизип, оюнду 1:1 эсебинде теңдеди.

Экинчи таймда Бириккен Араб Эмираттары дагы бир гол киргизип жиберди. Эсеп 2:1 БАЭ пайдасында болуп турду.

Алмашууга кирген Турсунали Рустамов таймашты кайрадан теңдеди. 2:2 менен тең  чыккандыгына байланыштуу командаларга кошумча оюн берилди.

БАЭ командасы кошумча оюндагы  пенальтиде дагы бир гол киргиип, эсеп 3:2,  атаандаштардын  пайдасына ооду.

Баары бир кошумча оюндун кийинки таймында жеңиш биздики болот!- деген зор ишеним болду. Бирок, аттиң, футболчуларыбыздын мыкты оюнуна карабай, эсеп 3:2 боюнча калды.

Кыргызстандык күйөрмандар Абу-Даби шаарында футболчуларыбызды колдоп-кубаттап турушту. Алар стадиондо дээрлик кызыл кийип турганын түз эфирден көрүп турдук. “Алга кыргыз! Алга кыргыз-эй!” деп кыйкырып жатканы угулуп турду.

Футболчуларыбыз акыркы күчү менен, бир демде ойноп, жогорку чеберчиликти көрсөтүштү.

“Биз финалдык ышкырыкка чейин ойнодук, акыркы күчүбүз калгыча жеңишке жетишели дедик, бирок жеңиш оюн ээсинде болду. Тилекке каршы биз үчүн Азия кубогу аягына чыкты, бирок биз дагы күчтүү болуп кайтып келебиз!” деп жазышты алар КР Футбол федерациясынын фейсбук баракчасына оюн бүткөндөн кийин.   

“Ак шумкарлар”, азаматсыңар! Бул жеңилүү жеңишке карай жол болоруна ишендик!

Кыргыз футболу уулу-кичүү, баарыбыздын башыбызды коштуруп, бир демде кармап турганын баамдадык.

Сүрөт: КР Футбол федерациясы

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты