Бишкекте жол кырсыгынан аял киши каза болду

Бишкекте жол кырсыгынан аял киши каза болду

Жол кырсыгы.

Бишкекте эки жеңил машина кагылышкан катуу жол кырсыгынан 21-январда аял киши көз жумду. 

Бишкек шаарынын Октябрь районунда 21-январга караган түнү, саат 00:42 де 7-апрель көчөсү менен Горький көчөсүнүн кесилишинен  “Mercedes” машинасы менен “Toyota Avensis” машинасы кагылышкан катуу жол кырсыгы болду.

Кырсыктан “Toyota Avensis” машинасынын жургүнчүсү 1985-жылы туулган М. А. аттуу аял киши  көз жумду. Айдоочусу 1989-жылы туулган Б.Э. жабыркаган жок.

Ал эми “Mercedes” машинасынын айдоочусу менен жүргүнчулөрүн “Тез жардам” алып кетти.

Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты