Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөтКыргызстанда президенттик шайлоо октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтөт. Мындай норма жазылган мыйзамга бүгүн Президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу бул конституциялык мыйзамдын долбоору 31-майда парламентте кабыл алынган. Быйыл октябрдын үчүнчү жекшембиси 15-октябрга туура келет. Азыркы мамлекет башчынын ыйгарым мөөнөтү 1-декабрда аяктайт. Президенттик шайлоо күнү боюнча буга чейин ар кандай талаш-тартыш жүрүп келген болчу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты