Отунбаева Эгизбаевдин уулу Белекти көргөнү барды

Отунбаева Эгизбаевдин уулу Белекти көргөнү бардыЭкс-президент Роза Отунбаева бул өмүрдөн эрте кеткен чыгаан журналист Улан Эгизбаевдин уулу Белекти көргөнү барды.

Бул тууралуу Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева фейсбук баракчасына жазды.

“Белек төрөлгөн күнү да адатынча жадырап, кучак толо гүл менен төрөтканага кирип келди Роза эже. Колумду бекем кысып: «Куттуктайм, Уланыбызды кайрып келдиң. Сени Улан башкача жакшы көрчү» деп көз жашымды сүртөт. Белектин жүзүн караган жок, ымыркай эс алышы керек дейт. Көзүмө чечкиндүү карап, жакшы кеңештерин айтып кетти. Эртеси кечке жуук чүчпара берип жибериптир, күч болсун” деп.
“…Жүрөгүмдү дагы элжиреттиңиз. Балама белегиңизди көтөрүп, кабар алганы келипсиз. Белекти колго алып эркелеттиңиз. Уланды эскерип, мага кошулуп көзгө жаш алдыңыз… Сизге айтарга сөз таппай узатып калдым. Улуу башынызды кичүүу кылып, баалуу убактыңызды бөлүп жатканыңыз эле канча…
Улан экөөбүздүн мамиле тууралуу сизге башынан эле көп айтчу экен. Бая күнү эскердиңиз эле. ..

Сизди эн үлгүлүү айым катары баалап келгем. Аны сиз дагы да бекемдеп, бийик адамдык сапаттарыңыз менен таң калтырууну токтоткон жоксуз” деп жазды Сапаргүл.

Сүрөт: Сапаргүл Абдинабиеванын фб баракчасынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты