Цирк артисттери атчан митингге чыгышты

Кыргыз улуттук циркинин кызматкерлери бүгүн, 21-январда, Ак үйдүн алдына атчан акцияга чыгышты.

Цирк артисттери атчан митингге чыгышты

Алардын негизги талабы—гимнаст Аида Акматованы цирк жетекчилигине дайындоо.

Мурдагы директордун жумуштан кеткенине бир айдан өткөн, жаңы директорду дайындоо процесси созулуп жатканына нааразы болуп, талаптары аткарылбаса, 45 кызматкердин 39 у кызматтан кетүүгө арыз жазаарын айтышты.

 

 

Данияр Бөлөкбаев, труппанын жетекчиси:

“Талаптарыбыз аткарылбаса, 39 артист эртеңден баштап жумуштан кетебиз”

Цирк артисттери атчан митингге чыгышты

—Бүгүн чыкканыбыздын себеби, 45 күндөн бери директорубуз жок. Мурдагы директор кеткенден кийин, өзүбүз ал кызматка татыктуу адамды сунуштаганбыз. Анткени, ал цирктин ичиндеги, ишти билген-тушүнгөн киши.

Мен өзүмдү алсам, көп жылдан бери дүйнө жүзүн кыдырып иштедим. Башка өлкөлөрдө циркти түшүнгөн кишилер жетекчилик кылат. Эмне үчүн циркти түшүнгөн киши болсун деп жатабыз? Мурдагы жетекчибиз цирктин ишин билбеген киши болчу. Аны жамандагандык эмес, ал 14 жыл иштеп, циркти жылыш  жасай алган жок.

Цирктин абалын элдин баары эле жакшы билет. Биз колдоп, сунуштаган адамдын циркти өнүктүрүү боюнча өзүнүн концепциясы бар. Ал 2-3 жылдын ичинде циркти көтөрөт деп ишенебиз. Биз маданият министирлигине сунуштаганбыз. Бирок, директорду дайындоо иши аябай эле созулуп жатат. Эмнеге анчалык созуп жатканын билбейбиз. “Министрлик жардам бере албай калды го. Министрдин колунан келбей жатат го” деп оюбузду жеткирүү үчүн чыктык.

Эгерде талаптарыбыз аткарылбаса, митингге келген 39 артист эртеңден баштан арыз жазып, жумуштан чыгабыз. Жалпысынан 45 артист иштейт. Ошондо дээрлик 95%ы жумушун таштап кетет. Жетекчиликке гимнаст Аида Акматова деген кызыбызды сунуштап жатабыз. Ал алты жашынан бери циркте иштейт. Дүйнө жүзүн кыдырып келген. Германияда беш жыл администратор-менеджер болуп иштеп келген. Циркти 100% алып кете алат, аны жогорку деңгээлге чыгара алат деп ишенебиз. Министрлик ачык “ушул кишини сунуштап жатабыз деп жааматтын алдына эч кимди алып келип тааныштыра элек”. Өздөрү эле кинематография, концерваториядан адамдар сунуштап жатышыптыр. Эми алар циркти түшүнмөк беле?

Кадырбек Тажиев, цирктин көркөм жетекчиси, Кыргыз эл артисти:

“Жаштарга жол бошотуп бериш керек”

Цирк артисттери атчан митингге чыгышты

—Аида Акматова өзү манежде төрөлүп, манежде өскөн кыз. Канчалаган фестивалдарга барып, гран-при алып келди. Эки жогорку билими бар, циркти ийне-жибине чейин билет. Суранычыбыз, ошол кызды цирктин жетекчилигине коюп беришсе. Аны сунуштаганбызга бир айдан өтүп кетти, бирок жооп жок. Элдин баары эле кино, опера балет, театрдан директор болом деп жулунуп жатат да. Биздин жааматтын ою, өзүбүз сунуштаган талапкер бар, ошону мыйзамдуу түрдө эле директор кылып берсе жакшы болмок. Эми жаштарга орун бошотуп бериш керек да. Ал 32 гана жашта, деңгээли бийик.

Чынар Мадимкулова, буту менен жаа атат:

“Түшүнбөгөн киши келсе цирк жок болуп кетиши мүмкүн”

Цирк артисттери атчан митингге чыгышты

—Биздин бул жакка чыканыбыздын негизги себеби—маданият министрлиги биз шайлаган талапкерди цирктин жетекчилигине бир айдан бери  койбой жатат. Биз жаачы Аида Акматованы сунуштап жатабыз. Ал цирктин иштерин жакшы билет. Эгерде ишти түшүнбөгөн киши келсе, цирк жок болуп кетиши мүмкүн. Цирктин абалы ансыз деле начар. Эгерде аны жетекчиликке койбосо жумуштан кетебиз.

 

 

Манат Эшимбеков, Кыргыз эл артисти:

“Мурунку жетекчи циркти 22-30 жылга артка тартып койду!”

Цирк артисттери атчан митингге чыгышты

—Директордун жумуштан алынганына бир ай болду. Ушул убакка чейин жаңы директор кое албай жатышат. Эң негизгиси өзүбүздун арабыздан, өзүбүздүн кызыбызды сунуштап жатабыз. Министирлик аны койбой, башка адамдарды сунуштап жатыптыр. Бардык эле жерде ошол иштин көзүн билген, профессионал киши директор болушу керек да. А биз ошол профессионалды сурап жатабыз.

Мурдагы директор милицияда иштеген киши болчу. Эми ал циркти 25-30 жылга артка тартып койду. Кыргызстан азыр ар тармакка өздөрүнүн кишилерин алып барып коюп жатышат. Анысы 2-3 ай иштеп, бүт баарын иштен чыгарат жана кайра башканы коюшат. Биз профессионалды коелу деп жатабыз..

Данияр Өмүрбеков, артист:

“Айлык акыбыз —1800 сом”

Цирк артисттери атчан митингге чыгышты

—Циркте бир гана фанаттар иштейт да. Айлык акыбыз 1800 сом болчу. Мисалы, менин үй-бүлөм бар. Анан айла жок такси айдап чыгып, дагы башка кошумча жумуштарда иштеп акча табабыз. Жаштардын атынан айта алам, биз Аида Акматованын талапкерлигин колдойбуз. Цирктин спецификасын түшүнбөгөн киши, циркти алып кете албайт. Циркти талкалап туруп сквер куруп коет же бир ишкерге сатып, бизнес-борбор куруп коюшат. Мисалы, бизге реквизитти эч ким алып бербейт. Костюмдарды өзүбүз тигебиз, темир тезектерди өзүбүздүн колубуз менен жасайбыз. Керектүү материалдарды өзүбүздүн акчабызга алабыз. Ушул убакка чейин бир дагы маданият министри цирктин абалын оңдоого аракет кылган жок. Мен 4800 айлык акы алам. Ал жетпейт. Чакан дүкөн кызматкерине рахмат, карызга тамак азыктарын берип турган.

Учурда цирктин директорлугуна төрт кишинин талапкерлиги каралып жатат. Маданият министринин мурдагы орун басары Фархат Бекмамбетов, жарандык активист Азамат Аттокуров, гимнаст Аида Акматова жана балетмейстер Зарылбек Молдобакиров.

Цирктин буга чейинки директору Курмангазы Исанаев өткөн жылдын соңунда чыгармачыл жамааттын нааразылыгынан улам жумуштан кеткен.

Ырысбү Кылычбек кызы

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты