Сариев айкөлдүгүн көрсөттүбү?

Сариев айкөлдүгүн көрсөттүбү?

Шайлоо жакындаган сайын талапкерлердин ортосунда маалыматтык чабуул башталат.

Учурда оппоненттери Сариевди элге жаманатты кылууга, коррупционер катары көрсөтүүнүн аракетин көрүп жатканын байкоого болот. Албетте, атаандаштарынын мындай кадамга баруусу өздөрүнө аброй алып келбейт. Алар элдин колдоосуна ээ боло албай калганын, алсыздыгын жана эл арасында өздөрүнө болгон ишеними күндөн-күнгө сууп баратканын туюп, күчтүү оппоненттерин, потенциалдуу талапкерлерди келечекте Президент болуп калбасын, биздин былыктарыбызды чукуп жүрбөсүн деген таризде, оппоненттерин элге жаман көрсөтүү менен алек.

Эгерде өздөрүнүн күчүнө ишенишсе, же элдин колдоосуна татырлык иштерди аткарышса мындай кадамдарга барышмак эмес. Бирок оппоненттеринин мындай ыплас кадамдарга барып жатканын көрүп-билип турса дагы Сариев алардын деңгээлине түшпөй, жөн гана жылмаю менен кабыл алып келет. Муну Сариевдин айкөлдүгү катары бааласак болобу?  «Таш менен урганды, аш менен ур» деген принцип жакшы да. Ал эми Сариевдин атын булгагысы келгендер, эбак эле өздөрүнүн булганганын сезгиси келбегендер болсо керек. Ар бир адам алдыга жакшы максаттарды коюп, эл үчүн жакшы иштерди аткарып, элдин жүрөгүндө, тарыхта алтын тамга менен калгысы келсе, ал адам эч качан жаман иштерге жана коррупцияга жол бербейт. Мындан тышкары Сариев өзүнүн руханий жактан да бай экенин көрсөтүп келет. Ал ар дайым кыргыздын маданиятын, каада-салтын жана спорт тармагын, спортчуларды колдоп келет. Болбосо канчалаган аткаминерлерибиз кыргыздын асыл мурастарын колдогондун ордуна, жеке кызыкчылыктарын бийик коюп жүргөнүн көрүп билип жүрөбүз.

Акылбек Чынтемиров

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты