Хашим Зайналиев эркиндикке чыкты

Хашим Зайналиев эркиндикке чыктыЭлдик табып Хашим Зайналиевдин сот залынан эркиндикке коё берилгенин «Апрель” телеканалынын журналисттери билдирди.  

Жабырлануучу тарап Зайналиев алардын материалдык чыгымдарын төлөп бергендигин жана ага доосу жок экенин сотто билдирген. Зайналиев сот залынан бошотулган.

2018-жылдын ноябрь айынын аягында Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнө беш жашар кызды алып келишкен. Оштогу ооруканадан кызга “кандын рагы” деген диагноз коюшкан. Кызга химия терапия жасоого ата-энеси макулдугун беришкен эмес.

Алар Бишкеккке келип, элдик табын Хашим Зайналиевге дарылата башташкан.  Натыйжада кыз бир жумадан кийин көз жумуп калган.

2018-жылдын декабрь айында Бишкек Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы ага мыйзамсыз медициналык жардам көрсөткөндүгү боюнча кылмыш ишин козгогон. Андан кийин “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши кошулган.

Мыйзамсыз дарылоого шектелип, Хашим Зайналиев эки айга камакка алынган.

Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери да Зайналиевдин дарылоочу жайын жабууга аракет кылып, бирок жаба алышкан эмес.

Буга чейин элдик табыптын үрөй учурган дарылоосу тууралуу ЖМКда байма-бай жазылып келген.

Табып Зайалиевдин ишмердиги тууралуу «ПолитКлиника» медиасы да жазган. Бул тууралуу шилтемеден окусаңыздар болот.

 

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты