Тоолуу райондордо кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт

21-январынан 23-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт. 

Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Тоолуу райондордо кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу райондорунда,  Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4- чакырымдарында  Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130- чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Бул маалыматты ӨКМ басма сөз кызматы жарыя кылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты