Куралдуу Күчтөргө— жаңы жетекчилер. Улуттук гвардияга командачы дайындалды

Куралдуу Күчтөргө-- жаңы жетекчилер. Улуттук гвардияга командачы дайындалды

Талантбек Эргешов Улуттук гвардиянын командачысы.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-январда, Куралдуу Күчтөргө бир катар жетекчилерди дайындады.   

Талантбек Эргешов Куралдуу Күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын командачысы болуп дайындалды.

Алмазбек Карасартов  Куралдуу Күчтөрдүн Кургактагы аскерлеринин командачысы болуп дайындалды.

Нурлан  Кирешеев Куралдуу Күчтөрдүн Кургактагы аскерлеринин командачысы кызматынан бошотулду.

Нурлан Кирешеев Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Акылбек Ибраев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты