Опера жана балет театрын кандай жайга айландырып жатышат?

 

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык  Опера жана балет театрында компьютердик оюндар боюнча турнир өткөнүнө артисттер жана коомчулук нааразы болууда.

Опера жана балет театрын кандай жайга айландырып жатышат?

Бул тууралуу театрдын артисти Эльнура Самарбекова фейсбук баракчасына жазып, видеосун жүктөдү.

Театрдын артисти Таир Бейшекеев жана башка коомчулук өкүлдөрү интернет булактарында  бул турнирдин академиялык  театрда өткөнүнө кейип жаткандыгын билдиришти.

“Кыргыздын эң башкы сценасындагы бул окуя тууралуу айтканга оозум барбай турат. Кыргыздын залкарлары ойногон ыйык театрда кандайдыр Dota деген оюн ойнолуп жатыптыр. Ушундай кантип болсун?” деди Таир Бейшекеев.

Айткандай, бул театрда не деген гана таланттар чыгып, көрүүчүлөрдү тамшандырып клеген : Салима Бекмуратова, Бүбүсара Бейшеналиева, Болот  Миңжылкиев, Мариям Махмутова, Айсулуу Токомбаева, Чолпонбек Базарбаев…

Жалаң жогорку чеберчиликтеги ыр, бийге арналган ал жайды тепсеп, акустикасын жабыркатып, ар кандай шаан-шөөкөттүү оюн-зоокторду өткөрүүгө болобу?

 

Уюштуруучулардан мындай мелдешти башка жактан, мисалы Спорт сарайынан өткөрүүгө болбойт беле? –деп сурашканда, ал жакта өткөрүүгө ылайыксыз, катышуучулар 450 эле киши деп жооп бергенин да жазып жатышат.

Ушундан улам 2015-жылы Улуттук Опера жана балет театрынын сахнасында туулган күн өткөргөн көпөстөр эске келди. Анда да ыйык театрды эске албай, так сахнада туулган күн өткөрүшоөдү беле? Анда бул маселени өкмөттүк комиссия иликтеп, жооптуу кызматтагылар кызматынан кол жууган.

https://www.facebook.com/elnurasoprano/videos/pcb.2164593413868871/2164593007202245/?type=3&theater

https://www.facebook.com/elnurasoprano/videos/pcb.2164593413868871/2164593320535547/?type=3&theater

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты