“Дарак ыры” мюзикли Дакка фестивалында мыкты деп табылды

“Дарак ыры” мюзикли Дакка фестивалында мыкты деп табылды

«Дарак ыры» мюзиклинен.

Бангладеште өткөн фестивалда “Дарак ыры” мюзикли мыкты фильм деп табылды.

Бул тууралуу кино сынчы Гүлбара Төлөмүшева фейсбук баракчасына жазды.

Бангладештин Дакка шаарындагы эл аралык фестиваль 10-18-январда болуп өттү.

Анда дүйнөнүн 72 өлкөсүнөн 220 фильм көрсөтүлдү. Кыргызстандан 5 фильм катышты. Алардын арасынан «Дарак ыры» мыкты фильм деп бааланды.

“Мюзиклдин биринчи саундтрегинде  “Город 312” тобунун ырчысы Светлана Назаренко жана Кыргызстандын эмгек сиңирген артити Жылдыз Осмоналиева ырдаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты