“10 жыл мурун жана азыр”. Сиздин сүрөттөрүңүз кантип колдонулушу мүмкүн?

“10 жыл мурун жана азыр” челленджи жөнөкөй эле тенденциябы же бирөөнүн адамдын жашына ылайык таануу функциясы үчүн алгоритм алуу аракетиби? Facebook буга өзүнүн катыштыгын четке кагып келет.  

“10 жыл мурун жана азыр”. Сиздин сүрөттөрүңүз кантип колдонулушу мүмкүн?

Алган маалыматтарды ар түрдүү колдонууга болот:

—Дайынсыз жоголгондорду издөө;

—Кылмышкердин жүзүн аныктоо;

—Ден-соолукту камсыздандырууда мүмкүн болгон тобокелдиктерди баалоо;

—Жарнаманы пландоо.

Facebook социалдык тармагында адамдын жүзүн таануу функциясынын алгоритми иштелип жатат. Бул сүрөттү сканерлөөдө адамдын физиологиялык жана жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул тууралуу Wired билдирген.

Бирок, Facebookтун адамдын жүзүн таануу функциясы тигил же бул колдонуучуну туура аныктай бербейт.

Facebookтун бул функциясы жакында гана ишке киргизилгендиктен, аны иштеп чыккандар функция ишке киргенге чейин киргизилген сүрөттөрдү тааный албайт деп ойлошкон. Бирок, компания сүрөт системада болгондуктан алгоритм аны тааный алат деп айтышууда.

Эми алгоритмдин жаңы милдети бар, бир эле колдонуучунун 10 жыл аралыгындагы физиологиялык жана жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен жүзүн таануу.

Учурда иштеп жаткан бл алгоритмдин негизги принциби-сүрөттөрдү киргизилген убактысына карап тандоо. Бирок, бардык эле колдонуучулар сүрөттөрдү дароо эле жүктөй беришпейт. Ошондой эле, колдонуучулар өздөрүнун аккаунттарына интернеттен алынган сүрөттөрдү да жүктөшөт. Бул алгоритмдин иштөөсүнө тоскоолдук кылат.

Индияда бир жылда 3000 бала табылган

Бул функциянын аркасында колдонуучулардын 10 жыл мурунку жана азыркы сүрөттөрү жөнүндөгү чоң маалымат топтому чогултулду.

“10 жыл мурун жана азыр” деп жарыяланып жаткан сүрөттөрдү таануу функцясы эмне үчүн керек? Анын жардамы менен дайынсыз жоголгон балдарды табууга болот. Эгерде алар социалдык тармакка катталган болсо, анын бала кезиндеги сүроттөрүн колдонуп, аны табууга болот. Ушундай жол менен Индияда мурдагы жылы 3000 бала табылган.

Буга чейин адам укуктарын коргоо боюнча жарандык топтор Amazonдун жетекчиси Джеффа Безосага адамдын жүзүн таануучу системанын мамлекеттик структурага сатылышы боюнча кайрылышкан. Демек, чогулган маалыматтар ар кандай кишилерге сатылып кетиши мүмкүн.

Учурда Кыргызстанда да бул тенденция аябай популярдуу. Белгилүү инсандардан тарта жөнөкөй жарандарга чейин “10 жыл мурун жана азыр” деген сүрөттөрүн социалдык тармактарга жүктөшүүдө.

“10 жыл мурун жана азыр”. Сиздин сүрөттөрүңүз кантип колдонулушу мүмкүн?

Ырчы Мирбек Атабеков.

“10 жыл мурун жана азыр”. Сиздин сүрөттөрүңүз кантип колдонулушу мүмкүн?

Алып баруучу Ассоль Молдокматова.

“10 жыл мурун жана азыр”. Сиздин сүрөттөрүңүз кантип колдонулушу мүмкүн?

Шоумен Актан Рыскелдиев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты