Наристенин өлүмүнө шектүү аял камалды

Наристенин өлүмүнө шектүү аял камалдыЧүй облусунун Ички иштер башкармалыгы билдиргендей,  2018-жылы чарчап калган эки жашар баланын өлүмүнө шектелип, баланын энесинин 33 жаштагы курбусу Панфилов райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан убактылуу жайга камалды.   

Кармалган аялга “Ден соолукка атайылап залал келтирүү” беренеси боюнча айып тагылууда.

Экспертизанын корутундусу баланын өмүрү токмоктон улам кыйылганын аныктаган.

Кылмышка шектүү аял баланы урбаганын, керебеттен өзү кулап кеткенин айтууда.

Бул окуяны эстесек, 2 жашар уулун курбусуна калтырып, энеси акча тапканы Россияга кеткен. Уулу оор абалда ооруканага түштү дегенде кайтып келген.

  • Баласы ал учурда көгала болуп сабалып, оор абалда жаткан эле. Андан кийин бала чарчап калган.Бирок аял курбусун айыптап, милицияга арыз жазган эмес.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты