КТРКнын жетекчилик кызматына сынак жарыяланды

Сынак КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу жарыяланды.

КТРКнын жетекчилик кызматына сынак жарыяланды

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Азамат Болгомбаевдин айтуусунда сынактын катышуучулары КТРКны өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерин жазуу түрүндө жана оозеки айтып берүүсү керек.

КТРК жөнүндө мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Сынактын талаптары боюнча талапкерлердин жогорку билими болушу керек.

Ошондой эле мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн, орус, англис жана башка тилдерди билгендерге артыкчылык берилет. Беш жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы, телерадионун иштөө принциптерин жана коомдук телерадиоберүүнүн өзгөчөлүктөрүн билүүсү  жана түшүнүүүсү зарыл.

Эскертүү иретинде айтар сөз: талапкер коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат ордун ээлей албайт. Ошондой эле мөөнөтүнөн кечиккен документтер кабыл алынбайт.

Сынакка талапкерлер Байкоочу кеңештин төрагасынын атына арызын, түстүү сүрөтү менен кошо өз таржымалын, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку билими жөнүндө дипломунун көчүрмөсүн жана башка документтерди камдашы керек. КТРКны өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерин жазуу түрүндө жана оозеки айтып бериши керек.

Мөөнөтүнөн кечиккен документтер кабыл алынбайт.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты