Токмокто катуу шамал үйлөрдүн чатырын учурду

Токмокто катуу шамал  үйлөрдүн чатырын учурду

Токмокто катуу шамалдан кийин.

Токмок шаарында бүгүн, 18-январда, саат 12:40 чамасында ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен катуу шамал болгон.

Шамалдын кесепетинен шаардын Шамшы көчөсүндө жайгашкан №36 көп кабаттуу турак үйдүн 450 м2 темир чатырын шамал учуруп, 2  үйдүн чатырына бак кулаган.

Шамалдан жабыркагандар боюнча дагы тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Буга чейин ӨКМ Чүй өрөөнүндө бүгүн түш чендерде катуу шамал болору тууралуу шашылыш билдирүү тараткан. Болжол менен ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүндүгү  айтылган.

Шамал кечинде да кайталанышы ыктымал деп билдирген ӨКМ.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз борбору.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты