Бишкекте жигитти өлөрчө сабашкан

Жигитти өлөөрчө сабаганы үчүн анын эки досун 12 жана бирөөнү 5 жылга эркинен ажыратышты. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Бишкекте жигитти өлөрчө сабашкан

Окуянын чоо-жайы

(Ысымдары өзгөртүлдү):

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Мелис жана Азат достору менен чогуу борбордогу кафелердин биринде спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Арасында Юнус да болгон. Кийинчерээк Жапаркул деген досунун таанышы Кудайберди менен таанышкан. Кудайберди менен Жапаркулдун ортосунда талаш-тартыштар болуп келген.

Мелистин өтүнүчү менен Юнус Жапаркулду кафеге чакырат. Ал келип, Кудайберди менен сүйлөшөйүн деген. Сүйлөшүү учурунда алар эл азыраак жакка барып, мушташа кетишкен. Мелис менен Азат  Кудайбердини ур-токмокко алышкан. Ал эс- учун жоготуп, кулап калат.

Жабырлануучу Бишкектеги травматология ана ортопедия илимий-изилдөө борборунун реанимация бөлүмүнө түшкөн. Оор жаракаттан улам, Кудайберди эсине келбей каза болгон.

Соттук отурумда Жапаркул жагдайды төмөндөгүчө түшүндүрүп берген: Кудайберди анын намысына тийген сөздөрдү айтканы үчүн сүйлөшүүгө чакырган. Сүйлөшүү учурунда айтыша кетишип, Кудайберди Жапаркулду  бетке соккон. Ал да урганга аракет кылган. Бирок мас болгондуктан колун шилтей алган эмес. Ошол учурда Мелис менен Азат келип, аларды ажыраткан.

Кафеге кайтып келе жатышканда, Жапаркулдун айтымында, Кудайберди дагы бир нече ирет соккондо анын мурдунан кан кетип отуруп калган, Кудайберди качып кеткен. Мелис менен Азат аркасынан чуркап, кууп жете алышкан эмес.

Ушундай көрсөтмөнү Мелис да берген. Ал Кудайбердини ким сабап кеткенин билбегенин айткан. Бирок тергөө учурунда күнөөсүн мойнуна алган. Сотто көрсөтмөсүнөн баш тартып, күч органдары басым жасаганын билдирген.

Азат тергөө учурунда Кудайбердини Мелис сабаганын айткан.

Күбө Юнустун айтымында, Мелис менен Азат Кудайбердинин аркасынан чуркап кеткенден кийин келип, “Силерди дагы сабаш керек!” деп жабырлануучунун досторуна айткан. Коркконунан алар качып кетишкен.

Биринчи инстанциядагы сот Мелис, Азат, Жапаркул күнөөлүү деп тапкан. Азат менен Мелис 12 жылга, Жапаркул 5 жылга эркинен ажыратылган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты