Төлөгөнов: “Кытайлыктарга каршы маанай бийликке нааразылыктын жыйынтыгы”

Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн Кытай жарандарына каршы 17-январда митинг өттү. Анда чогулгандар өз ойлорун айтып, нааразычылыгын билдиришти.

Мындай антикытай маанайынын чыңалышына эмне себеп болду? Саясат таануучу Медет Төлөгөнов өз ою менен бөлүштү.

Төлөгөнов:  “Кытайлыктарга каршы маанай бийликке нааразылыктын жыйынтыгы”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кытай Кыргызстан үчүн маанилүү кредитор болуп калды

—Негизи бул жагдайга чейин Кыргыстандын Кытайга болгон карызынын өлчөмү жөнүндөгү маалыматтар кеткен эле. Бир нече жылдын ичинде эле Кытай Кыргызстан үчүн манилүү кредитор болуп калды. Бул албетте, элдин тынчын албай койбойт.

Антикытай маанайы совет доорунан бери калган  Ошондон калган тарыхый фобия десек болот. Ошондой эле Кытайдын катышуусунда кен иштетүүгө байланыштуу чыр-чатактар даөз таасирин тийгизди.

Кытайга байланыштуу тема биз үчүн дайыма көйгөйлүү болуп келген, соодадан сырткары албетте, “Дордой” базарынын Кытай менен болгон алакасынын негизинде көтөрүлгөнү, бул жагдайдын позитивдүү жагы. Бирок, жалпысынан-негативдүү болуп жатат.

Бийликке болгон нааразычылыктан улам ушундай маанай пайда болду

Төлөгөнов:  “Кытайлыктарга каршы маанай бийликке нааразылыктын жыйынтыгы”

—Кечээки митингге чыккандардын себеби- өлкөдөгү жагдайга, башкаруу системасынын алсыздыгына жана бийлик органдарынын өлкөдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө болгон кадамдарына карата нааразычылык болду.

Анткени, ага чейин жаңы кабыл алынган “Тартип бузуулар тууралуу кодекс” катуу талкууга алынган. Жалпысынан караганда, бийликке болгон нааразычылыктан улам ушундай, антикытай маанайы пайда болду.

Кечээки митинг борбордогулардын уюштуруусу менен өткөн жок,бул коомдогу түрдүү топтордун нааразычылыгынан чыкканын далилдеп турат. Бирине Кытай жакпаса, бийлик өкүлдөрүнүн көйгөйлөрдү чечүүдөгү алсыздыгына дагы бири нааразы. Көптөгөн талаптар Кытайга каршы болгону менен өзөгүндө ачык эле бийлик органдарына алардын тышкы карызга болгон мамилесине, өлкөнү өнүктүрүүгө болгон мамилесине карата нааразычылык жатат.

Азыр бийлик органдарыннын абалы суктанарлык эмес

Төлөгөнов:  “Кытайлыктарга каршы маанай бийликке нааразылыктын жыйынтыгы”

—Бул жагдайды чечүү аябай оор процес. Азыр бийлик органдарынын абалы оор десек болот. Мен алардын абалына такыр суктанбайт элем. Анткени, бир жагынан тышкы карыздарды төлөөсү керек. Анын убактысы дагы жакындап калды.

Экинчи жагынан, антикытай маанайы болгон жана боло берет. Аны дагы чечүү керек.  Биз авторитардык өлкө эмеспиз. Баарынын оозун жаап кое алышпайт.

Үчүнчүдөн, бийлик органдары Кытай менен мамилени үзө албайт. Ошондуктан, алар бул жагдайдан чыгуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонууга аракет кылышат. Кытай тарапка дагы жагдай тынч экенин түшүндүрүп туруулары керек. Ошол эле учурда калкка дагы түшүндүрмө иштерин жүргүзүү зарыл. Анын үстүнө өлкөдө жакында ШОС саммити өтөт. Сөзсүз түрдө Кытай тарапты дагы кабыл алуу керек болот.

Бул жагдай да биздин бийлик өкүлдөрүнүн тынчын албай койбосо керек. Дал ошол саммит үчүн бул көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылышат. Бирок, бул жерде кандай чечимдерди кабыл алууга болот, ал дагы түшүнүксүз. Анткени, тышкы карыздарыбызды төлөө керек. Жаңы карыздарыбыз дагы пайда болот. Өлкөбүз Кытайдан карыз алууну улантууда.

Балким, коммуникацияны жакшыртып, диалогго барууга аракет кылышат. Анткени, буга чейин коммуникация жагынан бийлик натыйжасыз болчу.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты