Бишкекте журналисттердин укугун коргогон акция өттү

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдына «Супер инфо» гезити менен «Next TV» телеканалынын журналисттери бүгун, 18-январда, пикетке чыгышты.

Бишкекте журналисттердин укугун коргогон акция өттү

Пикеттин негизги максаты-милдетин аткарып жаткан журналисттерди милиция кызматкерлеринин кармап кеткенине нааразычылыгын билдирүү болду.

Катышуучулар колдоруна «Мен милициянын зөөкүрлүгүнө каршымын», «Тикелей милдетин аткарып жаткан журналистти байлап кетүү жарабайт!» деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Бүга чейин, 17-январда Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн Кытай жарандарын өлкөдөн чыгарууну талап кылып Ала-Тоо аянтына чыккандардын арасынан айрымдарын милиция алып кеткен. Арасында «Next TV» телеканалынын журналисти Жоодар Бузумов да болгон. Ал митингди Фейсбук аркылуу түз көрсөтүп жаткан. Журналист кызматтык күбөлүгүн көрсөткөнүнө карабай алып кетишкен.

Шаиста Шатманова, журналист:

“Журналист өз милдетин аткарып жаткан ”

—17-январда жарандар бийлик органдарына наразычылыгын билдирип митингге чыгышты. Ал митингде ЖМК өкулдөрү өзүнүн тикелей милдетин аткарып, коомдо эмне иштер болуп жатса, ошону чагылдыруу үчүн барышкан. Түз эфирге чыгып жаткан “Некст тв” каналынын кабарчысын “Мен журналистмин” деп айтканына карабай сүйрөп кетишти. Журналист өз милдетин аткарып жатканда мамлекеттик органдар тарабынан андай тоскоолдуктарга туш болбошу керек.

Эрлан Атантаев, Бишкек ШИИБ жетекчиси:

Бишкекте журналисттердин укугун коргогон акция өттү

“Анын журналист экенин билгенде  кое беришкен”

Журналисттерге Бишкек ШИИБдин жетекчиси Эрлан Атантаев чыгып, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, митинг маалында иш алып баруу боюнча кеңеш берди.

«Журналист митингдин катышуучуларындай, элдин арасында уюлдук телефондун камерасына эле тартып жүргөн. Биздин кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн автобуска салгандан кийин, кызматтык күбөлүгүн көрсөткөн»,- деп билдирди Эрлан Атантаев.

ИИМдин басма сөз кызматы тартип сакчылары анын журналист экенин билбегенин, кийин коё беришкенин билдирди.

Расмий маалыматта айтылгандай, акцияда чагымчыл сөздөр айтылганы, митинг 13:00гө чейин деп белгиленип, бирок,  мөөнөтүнөн ашып, жол тороло баштаганы үчүн катышуучулардын кээ бирлери кармалган.

Эл аралык эрежеге ылайык, митинг-пикеттерди же кооптуу окуяларды чагылдырып жүргөн журналист «Пресса» деген жазуусу бар кемсел кийип жүрүүсү керек. Бирок, Кыргызстанда бул тажрыйба көп колдонулбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты