Фейсбук туура эмес маалымат таратты делген баракчаларды жапты

Фейсбук социалдык түйүнү туура эмес маалыматтарды таратууга тиешеси бар делген бир катар баракчаларды жапты. 

Фейсбук туура эмес маалымат таратты делген баракчаларды жапты

РИА-новости агенттиги фейсбук социалдык түйүнүнүн Киберкоопсуздук бөлүмүнүн башчысы Натаниэль Глейхер туура эмес маалымат таратууга тиешеси болгон делген 364 баракчаны жапканын кабарлады.

Жүз миңдеген катталуучусу бар баракчалардын катарында «СаНАТОрий в Латвии», «Грузия и религия», «Сегодня в Молдавии, «Спокойной ночи, Беларусь» жана «Балтия и Россия: друзья или враги?» деген баракчалар бар.

Facebook  түйүнү Россия менен байланышкан 500дөн ашуун аккаунтту жапканын, анын ичинде  Sputnik агенттигинин 7 баракчасын жапкандыгын аталган агенттик билдирди.

«Russia Today» эл аралык маалымат агенттигинин бөлүмү болгон Sputnikтин фейсбук баракчаларынын жабылышы агенттиктин жетекчилигин нааразы кылууда.

RTдин башкы редактору Маргарита Симонян Facebook алардын журналисттеринин жана аларга тиешелүү жактардын баракчалары эмнеге жабылганын ачыктап беришин талап кылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты