Кыргызстан курама футбол командасы БАЭ менен ойнойт

Кыргызстан курама футбол командасы БАЭ менен ойнойтАзия кубогунун 1/8 финалынын катышуучуларынын тизмеси белгилүү болду. Кыргызстандын “Ак шумкары” Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасы менен ойнойт.

Кыргызстандын футбол федерациясы команданын 1/8 финалга чыгышы жеңил болбогонун, Александр Крестининдин жетекчилиги алдында болгон күчүн жумшап ойногонун айтты.

КР футбол федерациясы бул жеңишке жетишүүдө сүрөп тургандыгы үчүн  күйөрмандарына терең ыраазылык билдирди.

21-январда КР курама футбол командасы турнирдин ээси-Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен оюнга чыгаарын билдирди. Анда уткандар командалар 1/4 финалдык бөлүккө чыгышат.

Оюндар:Кыргызстан курама футбол командасы БАЭ менен ойнойт

20-январда:

Иордания – Вьетнам

Таиланд – Кытай

Иран – Оман

21-январда:

Жапония – Сауд Аравия

Австралия – Өзбекстан

БАЭ – Кыргызстан

22-январда:

Түштүк Корея – Бахрейн

Катар – Ирак

Азия кубогу 1-февралда аяктайт

Сүрөттөр: КР Футбол федерациясы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты