Казакстанда тик учак кулады

Казакстанда тик учак кулады

Кулаган тик учак.

Казакстандын жарандык авиациясы  17-январда тик учак кулаганын кабарлады. Учкуч ооруканага алып бара жатканда каза тапты.

 Бул тууралуу Жарандык авиациянын маалыматына таянып, КазТАГ билдирди.  

17- январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:59 да «Sky-service  авиакомпаниясына таандык “Еврокоптер-130” тик учагы Боролдой аэропортунан учуп келе жатып “Чоң Алматинка” аянтына келе жатканда кулаган.

Тик учакта бир учкуч-аба транспортунун командири Валентин Шилов бар эле. Учакты тапкан учурда учкуч тирүү болчу . Ал ооруканага бара жатканда каза тапты.

Кырсыктын чоо-жайы иликтене баштаганы кабарланды.

Сүрөт: РК ИИМ Өзгөчө кырдаалдар комитетиники.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты