Митингде кармалгандар бошотулду. Эми айып пул төлөшөт

Митингде кармалгандар бошотулду. Эми айып пул төлөшөтБишкекте 17-январда митингге чыгып, ал учурда коомдук тартипти бузду деп милиция тарабынан кармалгандардын баары бошотулду. Эми алар айып пул төлөшөт.  

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Кечээ, 17-январда, Кыргызстанда мыйзамсыз иштеген кытайлыктарга каршы митингге катышкандардын арасынан коомдук тартипти бузду деп милиция 21 кишини кармаган. Алардын баары бошотулду. Жаңы ишке киргизилген кодекске ылайык, алардын ар бирине 3000 сомдон айып пул салынды

Сүрөт: «ПолитКлиника» мелиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты