ЕАЭБ келишимдерин кыргыз тилине которуу боюнча сынак жарыяланды
- 6 лет мурун
- Маек
Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык долбоорлорду жана Евразия экономикалык биримдигинин органдарынын актыларын кыргыз тилине которуу кызматын көрсөтүүчү уюмду тандоого сынак жарыяланды.
Сынактын катышуучуларына жалпы талаптар:
- Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык долбоорлорду жана ЕАЭБ органдарынын актыларын жазуу түрүндө кыргыз тилине которуу кызматын көрсөтүүчү юридикалык жак (мындан ары – Котормо уюму) КР мыйзамдарына ылайык түзүлүүгө тийиш.
- Котормо уюмдун түзүүчү документтеринде мамлекеттик тилге которуу укугу каралышы керек.
- Уюм тийиштүү материалдык-техникалык базага ээ болууга тийиш.
- Тиешелүү билими жана иш-тажрыйбасы бар кесипкөй лингвист-котормочулары болушу шарт.
- Мамлекеттик тилге жазуу түрүндө которуу тажрыйбасы болууга тийиш.
- Финансылык мүмкүндүктөрүнүн болушу, чыгашасынын жоктугу, жүгүртүүгө жетиштүү каражаттардын болушу.
Сынакка катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарекке жөнөтүү зарыл:
720003, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207 («Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына» белгиси менен) же электрондук дарекке (PDF форматында 5 МВ ашык эмес көлөмдүү бир файл түрүндө түзүү сунушталат): [email protected] «Сынакка». Сурап-билүү телефондору: 0312 96-01-17.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!