Кытай жарандарына Кыргызстанда иштөөгө канча квота берилген?

Кытай жарандарына Кыргызстанда иштөөгө канча квота берилген?Жогорку Кеӊеште 17-январда миграциялык саясат боюнча маалымат берип жатып, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мындай сандарды айтты.    

2017-2018-жылдары 7413 киши Кыргызстандын жарандыгын алган.

2017-жылы – 4793 киши; 2018-жылы – 2620 киши.

Акыркы 9 жыл аралыгында Кытайдын 352 жараны кыргыз жарандыгына ээ болгон; Анын ичинде: 171 адам этникалык кыргыздар, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай.

Ал эми акыркы 8 жылда 17669 кыргыз жараны чет өлкөлүктөр менен никеге турган.

Анын ичинде 60 кытай жараны бар, алар дагы ич ара кыргыз, казак, өзбек, уйгур, кытай, дунган сындуу улуттарга бөлүнөт”, — деди ал.

2017-жылы 236 киши; 2018-жылы 352 киши Кыргызстанда жашап турууга уруксат алган.

Быйыл кытай жарандарына иштөө үчүн 16490 квота каралган;  анын ичинде 9 миӊ квота кытай улутундагыларга  берилгенин вице премьер-министр  Өмүрбекова билдирди.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз борбору маалымдады.

Сүрөт: ЖК басма сөз борборунуку.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты