Митингчилерди милиция таратты

Митингчилерди милиция тараттыБишкектеги Ала-Тоо аянтында бүгүн, 17-январда,  Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын өлкөдөн чыгаруу боюнча митинг уюштургандарды милиция кууп- таратты.

Шаардык ИИБ башчысы Сталбек Рахманов милиция митингчилердин иш-чара уюштуруунун шартын бузуп, жолду тосуп алышканын айтты.

Митингди уюштуруучулардын бири Аманбол Бабакулов кармалды. Калган камалган митингчилердин саны такталууда.

Административдик жоопкерчилик Кодексине ылайык, «Жолду мыйзамсыз тосуп алуу, башкача айтканда жарандардын эркин жүрүүсүнө чек койгон физикалык жана юридикалык жактарга административдик айып салынат. Физикалык жактарга отуз эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга беш жүз эсептик көрсөткүч менен айып салынат.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Митинг тууралуу кененирээк материал шилтемеде: https://bit.ly/2swkbKH

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты