“Кыргызстанда мыйзамсыз иштеген Кытай жарандары кетсин!”дейт митингчилер

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында бүгүн, 17-январда, Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн Кытай жарандарына каршы митинг өттү.

 “Кыргызстанда мыйзамсыз иштеген Кытай жарандары кетсин!”дейт митингчилер

Болжолдуу эсеп менен 300-400 киши катышып жаткан митингдин катышуучулары «жыйынга бийлик өкүлдөрү келсин» деген талапты коюшту. Ушундай эле талап менен 7-январда да митинг болгон.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алмаз Имангазиев чогулгандардын алдына чыгып, Кыргызстанга кытайлык жарандар мыйзамдуу тартипте киргенин билдирди. Ошол жерде чогулган митингчилер «кытайлар иштеп жаткан ишканаларга барып көрөлү» деген өтүнүчүн айтышты.

Бирок, митингчилер эч жакка барбай эле, бийлик өкүлдөрүн ушул жерде күтүшөөрун айтышты.

Бактыбек Нуралы уулу, “Кырк Чоро” кыймылынын мүчөсү:

 “Митингге чыккан балдар камакка алынды”

—Бул жерде каршылык акциясына чыккандардын бир гана  талабы бар. Ал— Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн  Кытай жарандарын өлкөдөн чыгаруу талабы..

“Митингчилердин арасында саясатчылар жүрөт, бул саясий кыймыл” деп айтып жатышкандарга  таптакыр кошулбайм. Бул жерге жөнөкөй эле эл чыгып жатат. Мен, мисалы өз каалоом менен чыктым.

Талаптарыбызды бийлик өкүлдөрүнө жеткире албай жатабыз. Бөлүм башчыларын жөнөтүп коюшуптур. Алар эмнени чечет? Эч нерсени чече алышпайт. Ушундай кооптуу маселени чечиш үчүн сөзсүз эле эл көчөгө чыгышы керекпи?

Бийлик алдын-ала мониторинг жүргүзүп, эл менен жолугушууларды өткөрүп, элге туура маалымат жеткирсе, эл минтип чыкпайт болчу. Анан дагы митингге чыккан, уюштурган балдарды камакка алып жатышат. Кармалгандардын бирөө чыгыптыр. Анын айтымында, 10 бала кармалган.

Ички иштер министрлигинин өкүлү:

—Суроолор боюнча жооп берсем,  Кеминдеги Алтын кен комбинатында бүгүнкү күндө 60 кытай жараны иштеп жатат. ЖЭБде болсо квота боюнча 140 кытай жараны иштеп жатат. Негизи алар бул жерде квота менен иштейт. Квотаны Миграция кызматы берет. Ар бир кытай жараны саналуу, көзөмөл астында. Мыйзамсыз мигрант болуп жүргөндөр жок.

ТИМдин консулдук кызматынын директору Алмаз Имангазиев Кыргызстанда 50 миң эмес, 10 миңдей гана Кытай жараны бар экенин айтты.

Чыңгыз Рыскулбеков, митингдин катышуучусу:

“Кооз жерлерибизди жок кылып жатышат”

—Таластагы кооз капчыгайларды талкалап, Кытай жарандары ошол жакта толтура жүрүшөт. Канча көлөмдөгү алтын экенин билбейм, ата-бабаларыбыздан калган байлыктарды талкалап, бардыгы ылай-суу болуп калды. Эл ал жакка бара албай калды. Анткени баарын тосуп салышты. Бул бир эле көрүнүш, андайлар көп да.

Мурдагы жайлоолорду бүт жаап салышкан. Кийинки жылдан баштап эл ал жактарга кире албайт. Биздин айылдан үч эле километр алыс турат. Эми ошол жерлердин баары канчалык мыйзамдуу түрдө берилип жатат, эч ким көргөн — билген жок. Бул жакта айтылып жаткандары жөн гана сандар. Мисалы, Кара-Балтанын заводуна барып келдик, Директору менен анын орун басарын кыргыз экен деп жатышкан.

Кана, бүгүн алардын келгени? Эч кимиси келген жок. Жетекчилери кытай жараны болгону үчүн келе албай жатышат да, кыргыз болсо келмек.

“Көрүп келдим” деген өкмөттүн эле кишиси экен, ал калптын баарын айтып жатат.

Калиман Кадыркулова, митингдин катышуучусу:

—Канчалаган мигранттар майып болуп калды. Бөйрөк, өпкө дарттары менен жабыркап келгендери канча? Менин конкреттүү мисалдарым бар. Эмне үчүн биз Кытай жарандарын киргизишибиз керек дагы , өзүбүздүн балдарыбызды чет жактарга жиберишибиз керек? Менин көйгөйүм ошол.

Митингдин жыйынтыгында дагы бир талап коюлду: бийлик органдарынын иш-аракетин көзөмөлдөп туруучу бир кыймыл түзүп, анын атынан бийлик органдарына кат менен кайрылуу. Аны Бактыбек Нуралы уулу сунуштады.

Ошондой эле ошол кыймыл аркылуу бийлик органдарынын ишин көзөмөлдөп туруу керектигин дагы айтты. Митингчилердин көбү ал талаптарды колдоду.

Мурдараак митингчилердин талаптары жазылган кагазды депутаттарга тапшырмак болгондорду милиция Жогорку Кеңешке киргизбей койгон. Учурда митинчилерди жапырт камоо жүрүп жатат.  Алардын арасында журналисттер да бар. Кийин Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков кабыл алган.

https://youtu.be/trncKVoO8QQ

Ырысбү Кылычбек кызы

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты