Вице-спикер Мирлан Бакиров Талантбек Тынысовдон кечирим сурады (Видео)

Вице-спикер Мирлан Бакиров Талантбек Тынысовдон  кечирим сурады (Видео)Вице-спикер Мирлан Бакиров  Талантбек Тынысовдон парламентке свитер кийип келип, дресс-кодду бузгандыгын сындаганы  үчүн чиновниктен кечирим сурады.

 «Кечиримдүүлүктөн адам кичирейип кетпейт же башка болуп кетпейт.  Эгер мен жеке инсандын жеке аброюна же үй-бүлөсүнө, же коомчулукка катуу тийген болсом, кечирим сурайм» деди вице-спикер.

Айта кетсек, 16-январдагы парламенттик жыйында дресс-код тууралуу сөз чыгып кеткен эле.  Анда депутат Алмазбек Токторов Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин Каржы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысовду ордунан тургузуп алып  дресс-кодду сактабай, парламентке футболкачан келди деп сындаган эле.

Ал чиновник парламентке бара турган жетекчи сыркоолоп калгандыктан, шашылыш ушундай келгендигин, бирок футболка эмес, костюмдун ичинен свитер кийип алганын билдирген эле.

Ошол тушта сынга кошумчалап, вице-спикер Мирлан Бакиров да сындап, «Бул жай силерге базарбы?» деген суроосун да чиновникке узаткан болчу. Социалдык түйүндөрдө парламенттеги дресс-код баарынан маанилүү болуп кеткендиги сындалып жатат.

Вице-спикер Мирлан Бакиров ал айткандары үчүн бүгүн чиновниктен жана коомчулуктан кечирим сурады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты