Президент убадасын аткарабы же жокко чыгарабы?

Президент убадасын аткарабы же жокко чыгарабы?Бүгүн, 17-январда,  Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлык, наамдар менен сыйлоо тууралуу Жарлык чыккандарга сыйлык, наамдарын тапшырды. Ошондон улам бир маселе эске түштү. 

Айрыкча наам, сыйлык алгандардын катарында көптөн бери өз баасын ала албай жүргөн татыктулар алса, андан бетер кубанабыз. Алардын катарында Карыпбек Алымкулов, Орозбек Дүйшеев, Исмаил Исаков сыяктуу акасакалдарыбыз бар.  Ошондой эле Атайбек Бөдөшев, Бактыбек Мамытов, Маркабай Ааматов, Рысбай Исаков, Абдылда Иманкулов, Анэс Зарифьян, Түмөнбай Колдошев, Касым Кушубеков, Кубан Мамбеталиев ж.б. татыктуулардын бир кыйласы сыйланышты.

Ушундан улам бир учур эске келет: Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында президенттик кызматка киришүү инаугурациясында “Биринчи Жарлык менен сизди, Алмазбек Шаршенович, Кыргыз Республикасынан Баатыры жана “Ак шумкар” белгиси менен сыйлайм” деп айтканы бар эле.Аны аткарып, 2017-жылдын 27-ноябрында Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Ак шумкар белгиси менен сыйлоо тууралуу алгачкы Жарлык да чыгарган. Бирок ошол Жарлыкта айтылган сыйлык эмдигиче тапшырыла элек.

Депутат Ирина Карамушкина бул маселени Жогорку Кеңештин трибунасынан да көтөрдү. Албетте, сыйлыкты тапшырбай коюунун себептери белгилүү. Саясий кырдаал, өлкөдөгү абал, саясатчылар арасындагы өз ара мамиле өзгөрдү.

Бирок мамлекеттик маселе, иштердин өз ырааты бар эмеспи. Же ал Жарлык жокко чыгарылыш керек, же аткарылыш керек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты